Ссылки доступа

Кыргызстан Казакстандан электр энергия сатып алат


Казакстан 2016-жыл аралыгында Кыргызстанга 218 миллион киловатт саат электр энергиясын экспорт кылат. Азыркы маалга карта 53 миллион киловатт берилди.

Бул тууралуу “Самрук Энерго” компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Алмасадам Саткалиев билдирди.

Саткалиевдин айтымында, электр энергиясынын бир киловатт сааты 9 теңгеден сатылат. Улуттук валюта менен эсептегенде бул 1 сом 85 тыйынды түзөт.

Токтогул суу сактагычындагы суунун тартыштыгына байланыштуу Кыргызстан акыркы эки жылдан бери импорттук электр энергиясын алууга муктаж болуп келет.

XS
SM
MD
LG