Ссылки доступа

Трамп Орусия жана Кытай менен алаканы жакшыртууга кызыктар


Трамптын айтымында, АКШнын Ирак, Египет, Ливияда жүргүзгөн тышкы саясатындагы алешемдиктерден улам, аймак хаоско кептелди.

Республика партиясынын өкүлү Дональд Трамп АКШ президенттигине ат салышкан негизги талапкерлердин бири. Эгер шайлоодон жеңип чыкса, Орусия жана Кытай менен алаканы жакшыртууга аракет жасай турганын билдирди.

Трамп бул жөнүндө Вашингтондо тышкы саясат жөнүндө сөз сүйлөп жатып айтты. Анын пикиринде, Кошмо Штаттар жана Орусиянын ортосундагы олуттуу келишпестикке карбай, Москва менен болгон татаал мамилени жумшартуу мүмкүн. Ал президент болсо, Америка дүйнөгө америкалык кызыкчылыктар менен карайт. Трамп Орусия жана Кытай менен жалпы кызыкчылыктардын негизинде мамиле кура турганын баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG