Азиза Ниязметова акыркы 28 жыл ичинде чыгармачылык менен алектенип келгендигин жана жакында аны “Узбекнаво” эстрадалык бирикмесине чакырып, социалдык түйүндө жайгаштырган сүрөтү үчүн тилдешкенин билдирди.
- Көрсө, менин бир сүрөтүм чиновниктердин жүрөгүн түшүргөн экен. Анда мен жеңи жок көйнөк кийип, колума гүл кармап түшкөм. Ал сахнада эмес, үйдөн эле тартылган сүрөт болчу. Болгону колдорум ийинден ылдый ачык эле”, - дейт ырчы айым.
“Узбекнавонун” башкы директору Фарход Жураев кол койгон документте Азиза Ниязметова «улуттук менталитетке, улуттук дөөлөттөргө, улуттук идеологияга жана каада-салтка урматтоо менен мамиле кылышы керек” деп жазылган.
Буга чейин аркасы ачык концерттик көйнөгү үчүн ырчы Лола айымдын лицензиясы мөөнөтүнөн мурда токтотулган болчу. Өзбекстанда чиновниктер эстрада ырчыларынын басылмалардагы жана социалдык түйүндөрдөгү пикирлери менен сүрөттөрүнө көз салып, анын негизинде чечим кабыл алышат.