Путин космодромдо көп иштер аткарылгандыгын белгилеп, бирок аны куруу учурундагы уурдоолорго байланыштуу алты кылмыш иши козголгодугуна көңүл бурду. Эгер шектелгендердин күнөөсү далилденсе, “алар үйдөгү жылуу төшөгүн абактын сыз жайына алмаштыра тургандыгын” белгиледи.
Орусиялык салык төлөөчүлөрдүн 400 миллиард рубль каражатына курулган бул космодромду акыркы жылдардагы эң коррупциялык долбоорлордун бири деп атап келишет. Ал 2012-жылы башталып, 2015-жылы аягына чыгышы керек болчу, бирок андагы масштабдуу уурдоолор буга жолтоо болгон. Башкы прокуратуранын маалымдашынча, курулуш учурунда жети жарым миллиард рубль чет жакка солонуп кеткен.