Ссылки доступа

Өзбекстан ЖМКда экстремизмди жайылтууга жазаны катаалдантты


26-апрелде Өзбекстанда Кылмыш-жазык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, ага президент Ислам Каримов кол койду. Мыйзамда диний экстремизмди жайылтуу үчүн жаза каралган.

Бул өзгөртүүлөргө ылайык, эгерде бийлик ММКда, анын ичинде интернетте жарыяланган диний мүнөздөгү материалды экстремисттик деп тапса, анын автору 5 жылдан 8 жылга чейин абакка кесилет.

ММКларды колдонуу менен коомдук коопсуздук менен тартипке коркунуч туудурган материалдарды даярдоо, жайылтуу жана көрсөтүү беренеси- өлкөдө диний себептер менен кармалган жарандарга карата колдонулган негизги берене болуп саналат.

XS
SM
MD
LG