Ссылки доступа

Өзбекстан менен чырлуу аймакта алгачкы тажик мектеби ачылды


Согди облусундагы Жоми  кыштагында алгачкы жалгыз тажик мектеби ачылды.

Жаңы мектеп Спитамен районунунун Фархад суу сактагычын боюндагы Жоми кыштагында жайгашкан. Бул жер Өзбекстандын Бекабад району менен чектеш. Чек аралаш жамаатта тажик менен өзбектер жанаша жашайт. Буга чейин айылда бир гана орто мектеп болгон жана Өзбекстандын программасына ылайык, өзбекче сабак өтүлүп келген.

Согди облусунун төрагасы Абдурахмон Кодиринин айтымында, мектеп жергиликтүү тургундардын жана мугалимдердин демилгеси менен ачылды. Максат-тажик окуучуларын мамлекеттик мектеп программасы менен камсыз кылуу.

Спитамент районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Баходур Турабоев ”Азаттыктын” тажик кызматына маек берип, Жоми жана Дусти кыштактарында мурда мектеп болбогонун айтты. Балдар коңшу айылдагы мектепке баруу үчүн беш чакырым жол басчу. 90дой тажик окуучусу №4 өзбек мектебинде, Өзбекстандын программасы менен билим алчу.

Учурда алардын 70 пайызы жаңы ачылган мектепке өттү. Алардын арасында балдарынын мамлекеттик тилди өздөштүрүшүн каалаган этникалык өзбектер дагы бар.

XS
SM
MD
LG