Ссылки доступа

"Чыгыш" космодромунан ташыгыч ракета учурулду


Бейшембиде эртең менен “Чыгыш” космодромунан ташыгыч ракета учурулду. Биринчи жолкусунда айрым мүчүлүштүктөрдөн улам аны учуруу аракетинен майнап чыккан эмес.

Маалымат агенттиктери кабарлагандай, ракетанын спутниктер жайгашкан “Волга” башкы космикалык бөлүгү ал учурулгандан он мүнөттөн кийин бөлүнүп чыккан.

Космодромго келип, окуяга күбө болгон Орусия президенти Владимир Путин бул ийгилик менен куттуктап, “сыймыктана турган нерсе бар” экендигин айтты.

"Союз-2.1а" 27-апрелде учурулмак, бирок белгиленген стартка бир жарым мүнөт калганда эч кандай түшүндүрмөсүз эле токтоп коюлган болчу.

XS
SM
MD
LG