Ссылки доступа

Орусия чек арачылары Вера Савченкону өлкөдөн чыгарган жок


Надежда Савченконун сиңдиси Вера Савченкону бейшембиге карган түнү Орусиядан чыгарган жок.

“Азаттыктын” орус кызматынын кабарчысы Антон Наумлюк билдиргендей, Украина консулдугунун кызматкерлери Вера Савченкону чек ара бекетинен алып, Ростов-на-Донуга жөнөтүшкөн. Азыр ал украин консулдугунун аймагында.

Савченко Новочеркассктагы тергөө абагына эжесин көрүү үчүн барган. Чертково чек ара бекетинен чыгып баратканда чек арачылар анын токтотуп, паспортун тарып алышкан. Бул тууралуу “Азаттыктын” орус кызматына Надежда Савченконун жактоочусу Илья Новиков билдирди.

Жактоочунун айтымында, Вера Савченко Чеченстандагы сотко акаарат келтирген делинип издөөдө жүргөн.

Кылмыш иши Чеченстандын Жогорку сотунун судьясы Вахида Исмаилованын демилгеси менен козголгон. Вера Савченко 1994-1995-жылдары чечендер тарабында болуп, Орусиянын куралдуу күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышы бар деп айыпталып жаткан украниалык Станислав Клых жана Николай Карпюктун соттук ишине катышкан. Бирок анын айткандарын сот акаарат катары эсептеп, жараяндан четтеткен. Вера Савченко күнөөсүн четке кагууда.

XS
SM
MD
LG