Ссылки доступа

Казакстан улуттук банкы: пенсиялык активдерди инвестициялоо


Казакстандын Улуттук банкы Бирдиктүү топтоочу пенсиялык фонддун  пенсиялык активдерин өлкө президенти Нурсултан Назарбаев сунуштаган багыттар боюнча инвестициялоону баштады. Бул жөнүндө Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Февралдын башындагы өкмөттүн отурумунда Назарбаев “эркин” пенсиялык топтомдор бир катар багыттарга, анын ичинде курулуш жана банк секторуна инвестицияланышы керектигин айткан. БТПФда бир триллион 450 миллиард теңге каражат бар экендиги белгиленген.

Назарбаев 76 миллиард теңгени өзү демилгечи болгон «Нурлы жол» программасына, 100 миллиардды - «КазАгро» компаниясына “агроөнөр жай комплексинин долбоорлоруна жумшоо үчүн” берүүнү сунуштаган.

Бул Улуттук фонд боюнча кеңештин колдоосун тапты.

Расмий маалыматтарга караганда, пенсиялык фонддун каражаттары апрелдин башында 6 триллион теңгеден (18 миллиард доллар) ашкан. Мыйзам боюнча бардык иштеген казакстандыктар маяналарынын он пайызын пенсиялык фонддогу эсебине которууга тийиш. Чогулган акчаны пенсияга чыкканда пайдаланат же болбосо туруктуу жашоо үчүн чет жакка кеткен учурда алса болот.

Пенсия курагына жетпей каза болгон адамдардын топтогон каражаты мураскорлоруна берилет.

XS
SM
MD
LG