Ссылки доступа

Актоодогу митингге катышкандарга түшүнүк кат жаздырып жатышат


28-апрелде Актоо шаарынын борбордук аянтына митингге чыккан бир нече адам кармалгандыгы туурасында маалымдалууда. Алар айыл чарба жерлерин жеке менчикке, анын ичинде чет элдиктерге сатууга каршы  нааразычылык билдиришкен.

Активист Шынар Киянова жергиликтүү тургундар-Алуаш Онгарова жана Даулет Лепес менен бирге полиция бөлүмүндө отургандыгын "Азаттыктын" казак кызматына кабарлады. Бул жерге аларды “суракка алуу” үчүн алып келишкен. Полиция 50гө чамалаш адамды кармап, түшүнүк кат жаздырып жаткандыгын кабарланууда.

Митинг катышуучулары эмне себептен кармалды деген суроого Актоо шаарынын ички иштер департаментиндегилер оң жооп берген жок. Жетекчиси Болатбек Акшауов эмгек өргүүсүндө экендигин, ал эми анын орун басары митингге байланыштуу чогулуш өткөрүп жаткандыгын айтуу менен чектелишти.

Актоо шаарынын ондогон жашоочулары борбордук аянтка чыгып, жерди сатуу жана ижарага берүү шарттары боюнча Жер кодексине киргизилип жаткан түзөтүүлөрдү жокко чыгарууну талап кылышкан. Ушундай эле талап Атырау шаарында 24-апрелде, Актөбө менен Семейде 27-апрелде өткөн массалык митингдерде коюлган болчу.

XS
SM
MD
LG