Ссылки доступа

Белгилүү өзбек ырчысы Севара кыздуу болду


КМШ өлкөлөрүндө таанымал ырчы Севара Назархан кайрадан эне болуу бактысына туш болду. Ал АКШ клиникаларынын биринде көз жарды.

Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти кыздуу болгондугун өзүнүн Instagram баракчасына жазган.

Өзбек тилиндеги эң мыкты делген мекенчил мүнөздөгү жана белгилүү акын Мухаммад Юсуфтун сөзүнө жазылган «Улугимсан ватаним» ырынын аткаруучусу АКШдагы клиникалардын биринде көз жарды.

Ырчы менен анын продюсери жана жолдошу Бахрам Примкуловдун мындан башка 7 жашар Денгиз аттуу уулу бар.

Севара Назархан - Орусия менен Европанын атактуу рок-музыканттары менен бирге дуэт ырдап чыккан өзбек ырчыларынын бири.

XS
SM
MD
LG