Элчиликтегилер маалымдагандай, бул машыгуулар АКШ мамлекеттик департаментинин Терроризм менен күрөшүүгө көмөктөшүү программасы уюштурган. Иш-чара милиция кызматкерлеринин өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган үч жумалык окутууларды жыйынтыктады.
Машыгуу учурунда барымтага алынгандарды бошотуу, унааны башкара билүү, бетме-бет салгылашуу темасында сабактар өтүлдү. Бул АКШ элчилигинин тартип сакчылары менен кызматташтыкта өткөрүүнү пландаштырган окууларынын бири болуп саналат.