Ссылки доступа

Тажикстан: фамилиялар эми толугу менен тажикче жазылат


Тажикстандын жарандык абал актыларын  каттоо органы мындан кийин орусча “ов”, “ова”, “ович” жана “овна” мүчөлөрү менен аяктаган ысымдарга расмий түрдө тыюу салынгандыгын кабарлады.

Мекеменин жетекчисинин орун басары Жалолиддин Рахимов маалымдашынча, мындай чечим Жарандык абалдын актыларын каттоо жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөр киргизилгенден кийин кабыл алынган. Документке өлкө президенти мартта кол койгон.

Бул мыйзамга ылайык, эми фамилияларга тажикче "зод", "зода", "ӣ", "иён", "фар" мүчөлөрү уланат. Мисалы, “Каримзод" же "Каримзода" деп жазылат. Бирок "зод" деп жазуу милдеттүү эмес, кааласа “пур” деп кошуп жазса деле болот.

Айрымдар мурункудай эле фамилия “ов”, “ова”,“ович”, “овна” деп коштолушун кубаттайт. "Биз алар менен маектешип, максатыбыз – фамилияларды тажиктештирүү экендигин түшүндүрүп жатабыз. Эгер азыркы абалды өзгөртпөсөк, 10 жылдан кийин балдарыбыз эки топко бөлүнүп, бири тажикче ысымы менен сыймыктанып, экинчиси бөтөн элдин ысымында калып калышы ыктымал. Биз улуттук жана мекенчилдик сезимдерди туу тутушубуз керек”, -деди Рахимов

Тажикстандын президенти 2007-жылы эле ысымдарды тажиктештирүүгө чакырган. Ал Рахмонов Эмомали Шарипович деген атын Эмомали Рахмон деп өзгөрткөн. Андан соң жоон топ чиновниктер да ысымдарын тажикчелетип алган болчу. Бирок айрым жарандар Орусиянын аэропортторунда улуттук ысымдарына байланыштуу ар кыл көйгөйлөргө дуушар боло бергендиктен, кайрадан мурунку аталышка ыктап калышкан.

Рахимов эми бардык тажик улутундагы жарандардын фамилияларына тажикче мүчөлөр милдеттүү түрдө жалгана тургандыгын белгиледи.

XS
SM
MD
LG