Ссылки доступа

Секелек кызды өлтүргөн өзбекстандык бала багуучу психиатриялык экспертизадан өттү


Сербск психиатриялык институтунун адистери Өзбекстан жараны Гүлчехра Бобокулованын үстүнөн жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгын чыгарышты. Кайтарууга алынган психиатриянын стационарында аял бир айга чукул кармалды.

Жаза аткаруу системасындагы өздүк булак кабарлагандай, киши өлтүргүч аялды психиатриялык ооруканадан “Бутырка” абагына алып келишти. Экспертизанын жыйынтыктары азырынча сыр бойдон сакталууда. Бирок анын психикалык жактан оорукчан экендиги тастыкталган сыяктуу. Себеби Москвадагы изоляторлордун ичинен бир гана “Бутыркада” психиатриялык оорукана бар.

Бобокулова психиатриялык экспертиза алдында Сербский атындагы борбордун дарылоо курсунан өткөн. Кызды өлтүрүүгө “кулагына угулган добуштар” буйрук кылганын айтып берген болчу.

Бобокулова 29-февралда “Октябрьское Поле” метростанциясынын жанында баланын кесилген башын көтөрүп, өзүнүн “жанкечти” экенин жар салып жүргөн жеринен кармалган. Шектүү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөнү кабарланган.

Москванын Пресненск райондук соту мыкаачылык менен өлтүрүлгөн наристе кыздын өлүмүнө шектелип кармалган Гүлчехра Бобокулованы 2-мартта эки айга камакка алды. Ал сот залында жылмайган абалда, айланадагыларга кол булгалап отурушун айрымдар анын психикалык саламаттыгы менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG