Ссылки доступа

Байден күтүүсүз сапары менен Иракка келди 


АКШ вице-президенти Жо Байден Багдад менен Күрд автономиялуу райондоруна алдын-ала жарыяланбаган иш сапарлары менен барды. Ал өлкөдөгү саясий кризисти жана “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму менен күрөшүү маселелерин талкууламакчы.

28-апрелде ал Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади жана парламент төрагасы Салим аль-Жабури менен жолугушту.

Байден АКШ башында турган коалиция менен ирак аскерлери “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөштө “реалдуу прогресске” жетишкендигин билдирди. Анын Абади менен жолугушуусу согушчандар 2015-жылы басып алган Мосулду бошотуу боюнча операцияга байланыштуу болгондугун маалымдады.

Ак үй Байден Багдаддан ары Күрд районунун борбор шаары болгон Ирбилге эмне максатта бара тургандыгын ачыктай элек.

Акыркы айларда Иракта жаңы өкмөттүн курамына байланышкан саясий бөлүнүп-жарылуу байкалууда. Анын басымдуу бөлүгүн технократтар түзөт. Бул жагдай калктын нааразычылыгын жаратып, эл мамлекеттик реформаларды талап кылууда. ”Ислам мамлекети” экстремисттик уюму Ирактын түндүктөгү жана батышындагы жерлерди көзөлмөлгө алган.

XS
SM
MD
LG