Ссылки доступа

Назарбаев жөнүндө бешинчи тасмада башка актер ойнойт


Кинотеатрларда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жөнүндөгү бешинчи көркөм тасма чыгат. Ал “Жылдыздар ушинтип жетилди” деп аталат.

Күн мурун Астана жана Алматыда көркөм тасманын премьерасы көрсөтүлдү. Маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы ачыктагандай, фильмдин бюджети бир миллиард 200 миллион теңгени түзөт. Мындан тышкары демөөрчүлөр дагы каражат берген.

Нурсултан Назарбаев жөнүндөгү “Лидердин жолу” киноэпопеясы экранга 2011-жылы чыккан “Балалыгымдын асманы” тасмасынан башталган. Андан кийин жыл сайын ал уланууда. “Оттуу өзөн”, “Темир тоо”, “Туңгуюктан жол тапкан” фильмдери бар. Тасмаларда Назарбаевдин балалыгы, өспүрүм курагы, жаштыгы жана саясатчы катары калыптанышы чагылдырылган.

Буга чейинки төрт тасманы тең казак режиссеру Рустем Абдрашев тарткан. Алардын баарында башкы каармандын ролун Нурлан Алимжанов ойногон. Актер буга чейин 20дай роль жаратса да, дал ушул Назарбаедин образын алып чыккандан кийин сыйлыктарга марыды.

“Лидердин жолунун” бешинчи бөлүгүн белгилүү орусиялык режиссер жана сценарист Сергей Снежкин тартты. Нурсултан Назарбаевдин ролуна ал Берик Айтжановду тандаган.

Бирок жергиликтүү кино сынчылар тасма туурасында пессимисттик көз карашта. Алматылык кино сынчы Дмитрий Мостовой 190 минуталык фильм өтө эле үстүртөн тартылган деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG