Америкалык генерал Москванын күчтөнүп бараткан аскерий кубаттуулугуна каршы техникалык мүмкүнчүлүктөргө басым жасоо керек экендигин билдирди.
"Орусия өнөктөштүк эмес, тирешүү жолун тандап алгандыгын көрүп турабыз. Ошондуктан багытыбызды ушуга ылайык өзгөртүү зарыл " – деди ал.
Бридлав бул кызматка дайындалганда Орусия атаандаш эмес, өнөктөш болот деп ойлогондугун айтты. Бул жылы ал НАТО Бириккен күчтөрүнүн командачысы кызматынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу өткөрүп берет.