Ссылки доступа

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди


Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө кайтаруу үчүн өбөлгөлөр жок.

“Немецкая волна” үналгысы "G8 форматы мерт болду" деген цитатаны жарыялады.

10-апрелде Германиянын ТИМ министри Франк-Вальтер Штайнмайер Орусиянын “Чоң сегиздикке” кайрадан кайтып келишинин башкы шарты – Украинанын чыгышындагы чыр-чатакты жөнгө салууга салым кошуу жана Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө “конструктивдүү” ролду ойноо экендигин белгиледи.

"Чоң сегиздик” форматы Орусия украиналык Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийин жоюлган. 2014-жылдан тартып Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, АКШ жана Жапония Орусияны кошпой өздөрүнчө жолугуп келе жатышат.

XS
SM
MD
LG