Ссылки доступа

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет


6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы катышат. Алар Кеңештин алдында 2015-2015-жылдар аралыгындагы адам укуктарынын сактоо боюнча аткарылган иштердин жакшырышы боюнча отчет берет.

Баяндамада белгиленгендей, Тажикстанда гендердик теңчилик сакталбай жатат. Өкмөт аялдардын коомдогу макамын жогорулатуу боюнча керектүү иш алып барган эмес.

БУУ Тажикстандагы өтө жаш никеге туруу жана көп аял алуу маселесине дагы кабатыр. БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясында Тажикстан кайра жаралуу партиясына бөгөт коюлушу боюнча дагы маселе көтөрүлөт. Бул уюмду Жогорку сот терррордук деп таап, тыюу салган.

Акыркы жолу Тажикстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде 2012-жылы отчет берген.

XS
SM
MD
LG