Ссылки доступа

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти


Өлкөнүн Коргоо кеңеши  президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек араларды натыйжалуу коргоо жана алардын коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү чаралар талкууга алынды.

Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдиргендей, бул багыттагы коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Чек ара кызматынын дараметин арттырууга, анын аскерий даярдыгын жогорулатууга, мамлекеттик чек араны коргоо боюнча чараларды күчөтүүгө, материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө өзгөчө басым жасалды.

Чек арадагы аймактарда социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыздоо, жаңжалдардын алдын алуу максатында эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүү үчүн мамлекеттик органдарга тапшырма берилди.

Ал ошондой эле коңшу өлкөлөр менен чектеш жерлердеги чыр-чатактардын саны азайып, делимитация жана демаркация боюнча иштер жаңы баскычка көтөрүлө тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG