Ссылки доступа

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет


1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар экендигин эскертти. Ал Украинадагы азыркы саясий, социалдык жана экономикалык кырдаалга көңүлүн бурду.

Учурунда СССРде чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Украина азыр Казакстандын экономикасынын жанында шоона эшпей калганын билдирди Назарбаев. Анын баамында, мындай жагдай аталган өлкөнүн бирдиктүү максаты жоктугунан, жарандар көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна өз ара тирешүү, бирин-бири өлтүрүү, чыр-чатактар менен алпурушуп жаткандыктан орун алууда.

Ал ортодо Кызылордо менен Жаңыөзөн шаарларында 1-июлдан тартып мамлекеттик жерлерди жеке менчикке берүү боюнча пландарына каршы демонстрациялар уюштурулду. Күбөлөрдүн айтымында, акциянын катышуучуларын полиция кууп таратып, айрымдарын гана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууга чакырышкан.

Активисттердин пикиринде, мамлекеттик жерлер кандайча колдонулуп жаткандыгын билүүгө, кийлигишүүгө жарандардын укугу бар. Кызылордо облус башчысынын орун басары Кожаниязов пландаштырылып жаткан менчиктештирүү -юридикалык жактан негизделген жана зарыл чара деп жооп берген. Анын айтымында, жерлерди башкарууга алгандар ага тийиштүү кам көрбөй жатышат.

XS
SM
MD
LG