Ссылки доступа

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул


Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 84 миң теңгеге айып пулга жыкты.

Укук коргоочу Ольга Климонованын айтымында, ал 27-апрелде Ак-Төбөдө уруксатсыз митинг уюштургандыгы жана 1-майда облустук акимчиликтин алдына чыккандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Абдирова болсо полиция тарабынан барымтага алынганын шардана кылды. Укук коргоочу Ольга Климонова фейсбук баракчасында активисттин тасмасы жарыялаган. Анда ал көчөгө жөн гана пасха үчүн таттуу нан сатып алууга чыккандыгын ырастайт. Мындан тышкары тартип сакчылары кол көтөрүп, денесине залака келтиргенин билдирүүдө.

Бул арада Ак-Төбө облусунун ички иштер департаментинин басма сөз катчысы Ардагер Уайдин активисттин кармалышы боюнча түшүнүгү жок.

Алима Абдирова-актөбөлүк активист. Ал жер сатууга каршы 26-апрелде жалгыз пикетке чыккан. Эртеси ушул эле маселеге байланыштуу уруксаты жок өткөн митингге катышкан.

XS
SM
MD
LG