Ссылки доступа

Египетте оппозициялык эки журналист камалды


Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип, белгилүү эки журналистти кармап кетти. Полиция оппозициялык журналисттер Амр Бадр менен Махмуд эль-Саккинин камакка алганын ырастады.

Ассошиэйтед пресс агенттиги билдиргендей, алар бийликке каршы чакырыктарды жүргүзгөн деп айыпталууда. Эки журналист иштеген оппозициялык сайтта Египеттин президенти Абдель Фаттах Сисини сындаган макалалар жарыяланып турган.

29-апрелде Амр Бадр полиция үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн "Фейсбуктагы" баракчасына жазган. Кийинки күнү журналисттердин ассоциациясында отуруп алып каршылык көрсөтө баштарын маалымдашкан эле.

XS
SM
MD
LG