Ссылки доступа

Одесса: белгисиз адамдар Куликов талаасына бомба коюлганын кабарлашты


Одессада белгисиз адамдар полицияга Куликов талаасы “миналангандыгын” кабарлашкан. Бул жөнүндө Украина ИИМ жетекчиси Зорян Шкиряк Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Азыркы тапта маалымат текшерилүүдө. УНИАН Одессадагы улуттук полициянын шаардык башкармалыгына шилтеме берүү менен билдиришинче, сөз Профсоюздар үйүнүн имараты туурасында болуп жатат.

"Орусиячыл, мамлекетке каршы жикчил күчтөр тарабынан жайкын тургундардын же укук коргоочулардын өмүрүнө же бейпилдигине коркунуч жараткан куралдуу чагым болсо, ырайымсыз жана шайкеш жооп кайтарылат”, - деп жазган Шкиряк өз билдирүүсүндө.

Бир күн мурун Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвили Украинанын “ички жана тышкы” душмандары 2-майга карата ар кандай чагымчыл иштерди даярдап жаткандыгы туурасында “таасын маалыматы” бар экендигин билдирген. Ошондой эле чыр-чатак чыгып кетсе, укук коргоо органдарына түз ок атууга буйрук берилиптир деген маалыматты жокко чыгарган.

Бүгүн 2014-жылдын 2-майында Одессада болуп өткөн трагедиялуу окуяларга эки жыл толот. Анда “Украинанын биримдиги үчүн” маршынын катышуучулары менен Майдандын каршылаштарынын ортосунда чатак чыккан. Башаламандык учурунда профсоюздар үйүндө өрт тутанган. 40тан ашуун адам каза болгон. Одессалык коомдук топ чыгарган корутунду боюнча өрт күйүп кеткен баррикадалардан башталган. Ал эмне себептен күйүп кеткендиги аныкталган эмес.

XS
SM
MD
LG