Саакашвилинин айтымында, шаардагы кырдаалды олку-солку кылуу аракеттери катталды, бирок буга убагында бөгөт коюлду. Улуттук гвардия жана Улуттук полициянын күчтөрү Одессада 10-майга чейин болот.
Дүйшөнбү күнү кечинде Одессанын Греческ аянтында митинг өтүп, ага жүздөгөн адам катышты. Акция эки жыл мурун трагедиялуу өлүмгө кириптер болгондорду эскерүүгө арналган.
Одессада эки жыл мурда орусиячылар менен Киевдин жаңы бийлигин жактоочулары кагылыша кетип, 48 адам мерт болгон. Жаатташкан тараптар бири-бирине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, Кесиптик кошуундар үйүндө өрт чыккан.