Отурум жабык эшик артында өттү. Райондун прокурору Евгений Ирха журналисттерге шектелгендер азербайжандыктар экендигин билдирди. Алар убактылуу тергөө жайынын абагына эки айга отургузулду. Үчөө тең жеңилирээк баш коргоо чарасын аныктоону өтүнүшкөн.
Гошт менен анын беш үй-бүлө мүчөсүнүн жансыз денелери 24-апрелде Самара облусунун Ивашевка айылындагы үйлөрдүн биринен табылган. Мурдагы тартип сакчысынын жети жаштагы жээни оор абалда ооруканага жаткырылган. Орусиянын тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркин тоноо максатында кол салуу болгондугун ырастады.
Буга чейин аталган комитет адам өлтүрүүгө шектелип үч “орто азиялык” адам кармалгандыгын кабарлаган.