Ссылки доступа

Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда


Бүгүн Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян башталат.

Тажикстан кайра жаралуу партиясынын камактагы мүчөлөрүнүн жактоочусу Бузургмехр Ёров 2015-жылдын 28-сентябрында кармалган. Уюмдун мүчөлөрүнө тиешелүү баардык документтер конфискацияга алынган.

Тажикстандын Жогорку Соту 29-сентябрда Ислам кайра жаралуу партиясын экстремисттик жана террордук деп таап, өлкөдө анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Human Rights Watch, Норвегиянын Хельсинки комитети, Amnesty International жана башка эл аралык уюмдар Тажикстан бийлигине кайрылып, Ёровду токтоосуз бошотууга же ынанымдуу айыптарды көрсөтүүгө үндөөдө. Билдирүүдө жактоочу саясий өңүт менен камалгандыгы айтылган.

XS
SM
MD
LG