Бул туурасында ТАСС агенттиги жүрүштүн жетекчиси Андрей Бобровскийге шилтеме берип кабарлады. Анын айтымында, азыр байкерлер Словакияда жана шейшемби күнү Брного (Чехия) барып, Польша аркылуу өткөн топко кошулмакчы.
Бобровский клуб мүчөлөрү кандайча Европага Польшаны айланып өтүп баргандыгы купуя сыр экендигин айтты. Ал азыр колоннада 20 чакты адам бар экендигин белгилеп, жакын арада аларга дагы жаңы катышуучулар кошула тургандыгын билдирди.
29-апрелде Польша бийлиги аталган мотожүрүштүн катышуучуларын өз аймагынан өткөрбөй тургандыгын жарыялаган. Бул боюнча Польшанын Москвадагы элчиси Катажина Пелчинская-Наленчти Орусиянын ТИМине чакырылган болчу.
“Түнкү бөрүлөрдүн” лидери, “Хирург” каймана аты бар Александр Залдостанов ЕБ менен АКШнын бул өлкөлөргө кирүүгө тыюу салынган жарандардын “кара тизмесине” киргизилген.