Ссылки доступа

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда


Бүгүн бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге байланышкан маселе боюнча пикир алмашуу үчүн чогулушту.

Өлкөнүн бир нече шаарларында айыл чарба жерлерин жеке менчикке берүү жана чет элдиктердин 25 жылга ижарага алуусуна шарт түзүүгө каршы уруксатсыз митингдер болуп өттү.

“10 жыл бою жерди иштетпеген адам аны 25 жылда да өздөштүрө албайт”, - дейт акын Темирхан Медетбек.

Жазуучу Заря Жуманова “казак эли үчүн ыйык болгон” жер маселесин элдин пикирин эске алуу менен чечүү керектигин айтты.Калемгер Бейбит Койшибай жер жөнүндө мыйзамдын жерди сатуу жана чет элдиктерге ижарага берүү шарттарына байланышкан жоболорун кайрадан карап чыгуу зарыл деп эсептейт. “Бул кризисти тереңдетип жибербөөнүн бирден-бир жолу – элдин пикирине кулак салуу”, - дейт жаш жазуучу Канат Абылкаир.

Пикир алмашууга Мырзан Кенжебай, Зейнолла Тилеужанов, Мереке Кулкенов, Жумаш Кенебай жана Амирхан Мендеке да катышты.

XS
SM
MD
LG