БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Сирия жаңжалын чечүүгө багытталган кошумча чараларды талкуулайт. Анын ичинде кагылышуулардын аягы көрүнбөгөн райондордо ок атышууну токтотуу жолдору да каралат.
Москва сириялык өкмөт жана андагы ар кыл оппозициячыл топтор менен такай байланышта болгондуктан, жаңжалды жөнгө салууга жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. 27-апрелдеги сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкмак турсун алар аяктары менен Сириянын ири шаарларынын бири болгон Алепподо кагылышуулардын жаңы толкуну күч алган.
Кечээ Орусиянын тышкы иштер министри Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Сириядагы олку-солку абал туурасында баарлашты. Москва менен Вашингтон кийинки кадамдарды макулдашкандыгы кабарланууда. Бирок кандай кадамдар жасала тургандыгын такталган жок.