Ссылки доступа

ЕБ Украина жана Грузия менен визасыз алаканы колдойт


Йоханнес Хандын айтымында, Украина, Грузия жана Косового салыштырмалуу Түркия визалык режим боюнча жеңилдиктерди ала албайт.

Украина Евробиримдикке кирүү үчүн зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алып, аларды аткаруу боюнча оңой эмес жолду басып өтүшү керек. Бул туурасында Евробиримдиктин кеңейтүү маселелери боюнча өкүлү Йоханнес Хан билдирди.

Анын сөзүнө караганда, мыйзамдардын так аткарылышына жетишүү Украинанын Евробиримдикке карай сапарынын байсалдуу болушунун эң бир маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.

Хан грузин, украин жана косоволуктар 2016-жылы ЕБга визасыз эле кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алат деген үмүттө экендигин, анткени алар “өз ишин аткарып коюшкандыгын” белгиледи. "Албетте, саясий чечим да керек дечи. Анткен менен стандарттарга төп келүү жаатында алар тийиштүү нерселердин баарын аткарышты”, - деди ал. Эми Европа кеңеши жана Европа парламенти Украина, Грузия, Косово жана Түркия үчүн визасыз режим киргизүүнү колдоого алышы керек.

XS
SM
MD
LG