Ссылки доступа

БУУ Кыргызстандагы программаларынын аткарылышы менен таанышат


Кыргызстанга биринчи жолу БУУнун аткаруу кеңешинин делегациясы келди. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Негизги максат-мамлекеттик органдар, жарандык жана донордук коомчулук менен мындан аркы кызматташуунун багыттарын талкуулоо.

Сапардын алкагында делегация Нарын, Баткен, Ош облустарын кыдырат. Программалар жана долбоор менен таанышып, жергиликтүү коомчулук жана жардам алгандар менен жолугушууларды өткөрүшөт.

Маалыматка ылайык, делегация аймакты өнүктүрүү, социалдык жана өндүрүш инфраструктураларын жакшыртууга көмөктөшүү, ишкердик жана соода, тамак-аш коопсуздугу, эне жана баланы коргоо, билим берүү жана гендердик теңчиликти колдоо боюнча программа жана долбоорлордун аткарылышы менен таанышат.

XS
SM
MD
LG