Ссылки доступа

Тажикстан: ММКнын башкы көйгөйү - расмий маалымат алуу 


Тажикстан өкмөтүнүн “Ховар” маалымат агенттигине расмий маалымат алууда артыкчылык берүү туурасындагы протоколу жарыяланды. Муну менен көз карандысыз ММКлар бул багытта олуттуу көйгөйгө дуушар болушту.

Көз карандысыз массалык маалымдоо каражаттарынын улуттук агенттигинин жетекчиси Нуриддин Каршибаев Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйынында эми бардык өкмөттүк мекемелер расмий маалыматты аталган мамлекеттик агенттикке гана берип калышканын билдирди.

Ал белгилегендей, азыр мамлекеттик чиновниктер бул протоколду бетке кармап, көз карандысыз ММК менен кызматташпай турган болушту. Алар эркин журналисттердин суроо-талаптарына жана соболдоруна жооп берүүгө милдеттүү эмеспиз деп эсептешүүдө.

Каршибаевдин айтымында, акыркы жылдары эркин ММКлар расмий булактардан маалымат алууда олуттуу көйгөйлөргө дуушар болуп жатышат.

Ал ортодо “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму 2016-жылдагы сөз эркиндигине байланышкан жаңы отчетунда Тажикстандын басма сөзүнө байланышкан абалды “опурталдуу сенектик” деп атады.

XS
SM
MD
LG