Ссылки доступа

Өзбекстан: жээрилген артисттер наамдарынан кол жууп жатат


Премьер-министр Шавкат Мирзияевдин талабы менен белгилүү өзбек ырчысы жана композитору, Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Абдулазиз Каримдин сый наамдарын алып коюшту.

Түркиянын жарандыгын алган ырчыны “Мекенге чыккынчылык кылды” дешүүдө. Өзүн атагысы келбеген ташкенттик чиновник “Азаттыктын” өзбек кызматына айтканына караганда, өкмөт башчы Абдулазиз Каримди 2000-жылы ыйгарылган «Нихол» («Бүчүр») сыйлыгынан жана 2003-жылы берилген Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти наамынан ажыраткан.

Негизи премьер-министр Шавкат Мирзияев биринчи жолу өзбек ырчыларын сыйлыктарынан ажыратып жаткан жок. 2010-жылы ал “Хужа” тобунун солисти Иззат Ибрагимовдун Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти наамын алып койгон. Бул Иззаттын Эгемендик күнүнө арналган майрамдык концерттин репетициясына келбей койгону үчүн берилген жаза болчу.

Маданият министрлигинде өткөн чогулуштан кийин «Узбекнаво» эстрадалык бирикмеси Түркияга барган өзбек ырчыларына талапты күчөттү. Эми алар тийиштүү органдардан атайын уруксат алышы керек болот.

Буга чейин 29-мартта Абдулазиз Карим Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглунун өзүнөн кат алган. Катта өзбек ырчысына Түркиянын жарандыгы бериле тургандыгы айтылган. Абдулазиз Карим 2015-жылдын май айында Өзбекстанда ырларына тыюу салынгандан кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ошондон бери ал Түркияда жашап, чыгармачылык менен алектенип келет.

XS
SM
MD
LG