Ссылки доступа

Уральсктагы митинг: кармоолор болгон жок


Уральсктагы уруксат берилбеген, чар жайыт митинг аягына чыкты. Жер сатууга каршы чыккандар сөз сүйлөгөн соң, тарап кетишти.

Жарандык активисттер 21-майда кайрада шаардын борбордук аянтына келүүгө ниеттенип жаткандыгын жарыялашты. Ушул күнү митинг өткөрүүгө уруксат алуу үчүн акимчиликке кат жолдошкон. Алар дагы айыл чарба жерлерин сатууга жана чет өлкөлүк жарандарга узак мөөнөткө ижарага берүүгө каршы болушууда. “Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, полиция эч кимди кармаган жок.

Батыш Казакстан облусунун акиминин орун басары Арман Утегулов уруксаты жок митингге чыккандарды бийлик куугунтукка албайт деп убада берди. Чиновник чогулгандарды акимчиликтин жыйындар залына чакырып, жер маселесин талкуулоону сунуштаганы менен эл аны уккан жок.

Атырау, Актөбө, Семейде апрелдин аягында жер маселесине байланыштуу митингдер болгон. Айрым аймактарда жалгыз каршылык акциясын өткөргөн активисттер катталды.

XS
SM
MD
LG