Ссылки доступа

БУУ Коопсуздук кеңеши Алепподогу кризисти талкуулайт


БУУ Коопсуздук кеңеши 4-майда Сириянын түндүктөгү коммерциялык борбору болгон Алепподогу кризисти талкуулайт. Ал жерде акыркы айларда бир катар куралдуу кагылышуулар орун алган.

Талкуунун демилгечилери - Франция менен Улуу Британия. Ал эми Орусия болсо Сириядагы, анын ичинде Алепподогу ок атышууларды токтотууну колдой тургандыгын билдирүүдө. Франциянын БУУдагы туруктуу өкүлү Франсуа Делатра Алепподогу кырдаалды Босния согушундагы Сараеводогу абалга салыштырды.

БУУ Коопсуздук кеңешине мүчө болгон 15 мамлекет БУУ Башкы катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Жеффри Фелтмандын Алепподогу жагдай туурасындагы баяндамасын угушат. Ал жерде 3-майда төрөт үйү ракеталык аткылоого дуушар болуп, 9 адам каза тапкандыгы маалым.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Стефан ди Мистура менен Москвада өткөн жолугушууда Алепподогу ок атышууну токтотууга биргелешип аракет кылуу жөнүндө макулдашкандыгын билдирди.

22-апрелден бери уланып келе жаткан Алепподогу кагылышуулардан улам 270 адам мерт кетип, тынчтык сүйлөшүүлөрдүн максатына кедерги болууда.

XS
SM
MD
LG