Ссылки доступа

Орусия менен АКШ Алепподогу ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашты


АКШ менен Орусия Сириянын түндүгүндө жайгашкан Алепподогу ок атышууну токтотуу туурасында макулдашты.

Бул чечим жөнүндө Мамдепартамент билдирди. Москва менен Вашингтон убактылуу жарашууга мониторинг кылуу боюнча биргелешип чара көрүү туурасында да бир пикирге келди. "Орусия Сирия президенти Башар Асадга кысымын күчөтүп, ок атпоо режимин так сактоого жетишүүгө аракет кылат. АКШ болсо сириялык оппозициялык күчтөр менен болгон алакасына жараша тийиштүү иштерди аткарат”, - деп баса белгилешти Мамдепартаменттегилер.

Сириянын ири шаарларынын бири болгон Алепподогу атышуулар менен кагылышуулар дээрлик эки жумадан бери дипломаттардын кан төгүүнү токтотуу боюнча жасаган иш-аракеттерине карабастан уланып келет.

XS
SM
MD
LG