Ссылки доступа

Украина элчилиги Кремлдин алдындагы Киевге арналган стелага гүлчамбар койду


Бир күн мурун социалдык түйүндөрдө орусиялык бийлик баатыр шаар Киевдин стеласына гүл койбой коюп, жарандар өздөрү гүл алып келип жаткандыгы туурасында кабарланган.

Украинанын Орусиядагы элчилигинин сайтында маалымдалгандай, элчилик бүгүн аталган стелага өлкө желегине түспөлдөш сары-көк түстөгү гүлдөрдөн куралган гүлчамбар койду.

“Белгисиз жоокердин бейити” аталган мемориалдык архитектуралык ансамбль Кремлдин алдына 1966–1967-жылдары тургузулган. Ал бардык баатыр шаарлардын аталышы жазылган кочкул кызыл түстөгү порфирден жасалган тектирчелерден турат. Тектирчелерде ошол шаарлардын топурагы салынган капсулалар жайгаштырылган.

XS
SM
MD
LG