Ссылки доступа

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды


Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары атлеттерге колдонууга тыюу салынган мельдоний препаратын пайдалангандыгы билинип калган. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук антидопинг борборунан (УАБ) маалымдашты.

Тыюу салынган дары-дармектерди колдонгон спортчулардын аты-жөнү айтыла элек. Бирок алардын арасында Риодо өтө турган Олимпиадага жолдомосу бар спортчулар да бар экендиги кабарланууда.

Азыркы тапта алардын бардыгы машыгуулардан четтетилди. Мындан башка да жазалар колдонулабы - азырынча белгисиз.

УАБ маалымдашынча, жыл башынан бери бардыгы болуп 960 допинг-тест өткөрүлгөн. Алар 18 спортчунун мельдоний колдонуп жүргөндүгүн аныктаган. Уюмдагылар аны колдонууга тыюу салынгандыгы бардык казак спорт федерациялары менен атлеттерге маалым болчу дешүүдө.

Буга чейин УАБ директору Майра Бакашева уюму өлкөдөгү бардык спорт федерациялары менен тыгыз иштешет жана башка өлкөлөрдө орун алып жаткан допингге байланыштуу жаңжалдар Казакстанда болушу мүмкүн эмес деп билдирип келген.

XS
SM
MD
LG