Ссылки доступа

Кыргызстанда чек арага жакын жашаган жарандарды көчүрүп жатышат


ЕАЭБ талаптарына ылайык, кыргыз-өзбек чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларын кеңейтүү зарыл. Бул үчүн жергиликтүү тургундардын үйлөрүн бузуу керек болот. Бирок алар өкмөт өтө аз кенемте сунуштаганына байланыштуу эч жакка көчпөй тургандыгын билдиришүүдө.

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында Нурматовдордун үй-бүлөсү жашаган бардык 5 үйдү бузуш керек. Ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасына жакын жердеги отуздай үй-бүлөнү көчүрүү зарылдыгы бар. Анткени аларды турак-жайлары Евразия экономикалык биримдигине кирбеген кошуна өлкөнүн аймагына өтө жакын жайгашкан.

Аталган үйлөрдүн жашоочуларынын айтымында, аларга сунушталган акчага башка жерден үй сатып алуу мүмкүн эмес. Мисалга, газы, суусу жана электр жарыгы, мөмөлүү багы бар эки кабаттуу үй үчүн болгону 14 миң доллар сунушталган.

Бажы кызматынан келген баалоочулар дубалга киргизилип орнотулган эмеректердин баасын жана көчүү үчүн керектеле турган чыгымдарды эсептешкен эмес. Ошондой эле бардык жергиликтүү жашоочулар сатып күн көргөн мөмөлүү дарактар менен түшүм да эске алынбай калган.

XS
SM
MD
LG