Ссылки доступа

АКШ авиасоккуларында ИМ террордук тобунун жоочулары тындым болду


Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдыңкы азгыруучуларынын бири тындым болду.

Бул туурасында кечээ Австралия бийлиги кабарлады. Нейл Пракаш Кошмо Штаттарга каршы жалгыздап кол салууга үгүттөп, Австралия аймагындагы бир нече чабуулдарга катышкан. Согушкер Ирактагы Мосул шаарында 29-апрелде жок кылынды.

Австралиянын Мельбрун шаарында туулган Нейл Пракашты ИМ террордук тобунун көптөгөн пропагандалык тасмаларынан жана журналдарынан көрүүгө болот. Ал австралиялык эркектерди, аялдарды жана балдарды теракт жасоого чакырып жүргөн. Нейл Пракаш БУУнун санкциялык тизмесинде, ал Сирияга 2014-жылы жер которгон.

АКШ бийлиги кабарлагандай, америкалык авиаоккулардын натыйжасында 22-апрелде ИМ экстремисттик тобуна тиешеси бар экинчи Австралия жараны өлтүрүлдү. Шади Жабар Халил Мухаммад жана анын судандык жолдошу ИМ террордук тобунун атынан Батыш өлкөлөрүнүн кызыкчылыктарына каршы чабуул жасоого үндөп жүрүшкөн.

XS
SM
MD
LG