Ссылки доступа

Трамп республикачылардан АКШ президенттигине жалгыз талапкер болду


Огайонун губернатору Жон Кейсик президенттик жарыштан чыгып, Республика партиянын праймеризинен талапкерлигин алып таштады. Бул туурасында NBC жана CNNдин булактары билдирди. Маалыматты Associated Press агенттигинин үч булагы да тастыктады.

Буга чейин Кейсик пландалган басма сөз жыйынын өткөрбөй тургандыгы кабарланган. Ал жакында өз чечимин расмий түрдө жарыялайт деп күтүлүп жатат.

Индианада өткөн ички шайлоодо республикачылардын дагы бир өкүлү- Тед Круз талапкерлигин алып таштаган эле. Демек, миллиардер Дональд Трамп Республика партиянын президенттике жалгыз ат салышат.

Дональд Трампты талапкер катары көрсөтүү боюнча акыркы чечим партиянын улуттук съездинде кабыл алынат. Жыйын июль айында өтөт. Съезддин анык колдоосуна ээ болуу үчүн ишкер 1237 делегатты ынандырыш керек. Индианадагы шайлоодо ал 1053 добуш топтогон.

XS
SM
MD
LG