Ссылки доступа

Болотная аянтындагы окуяларга 4 жыл толду


Бүгүн, 6-майда Москвадагы Болотная аянтында болуп өткөн “Миллиондордун маршы” аттуу акцияга байланышкан окуяларга төрт жылдын жүзү болот.

Акция демонстранттар менен полициянын ортосундагы кагылышууларга алып келип, массалык баш-аламандык менен коштолгон. Жүздөгөн адам кармалып, ондогон жаран медициналык жардам сурап кайрылышкан. Акцияга катышкандарга карата административдик укук бузуулар туурасында протоколдор толтурулган. Ушул эле күнү Орусиянын тергөө комитети кылмыш ишин козгоп, азыркы тапта 35 адамга карата тергөө амалдары уланууда.

Жылына 6-майда жарандык активисттер менен кылмыш иши козголгон адамдардын туугандары Болотная аянтына келип, акция өткөрүп турушат. 2014-жылдан тартып бийлик буга уруксат бербей, акциянын катышуучуларын кармаганы кармаган. Бул жылы активисттер мэриянын уруксаты жоктугуна карабастан кайрадан эле аянтка чыгууну көздөшүүдө.

Укук коргоочулар бийликтин бул иш-аракетине саясий түс берип келишет.

XS
SM
MD
LG