Ссылки доступа

Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет


Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде 2010-2015-жылдардагы адам укуктарынын сакталышы жөнүндө улуттук баяндама жасайт.

Женевада өтө турган БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин сессиясында Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салуу, ага байланышкан жараянга журналисттердин катышуусун камсыздоо туурасында маселелер көтөрүлүшү күтулүүдө. БУУ Кеңеши Тажикстан террорчулук жана экстремизм менен күрөшүп жатабыз деген шылтоо менен сөз эркиндигин кысымга алып жаткандыгына тынчсызданганын билдирди.

Тажикстан өкмөтүнүн өкүлдөрү түрмөлөрдөгү жана башка жабык мекемелердеги кыйноолор менен ырайымсыз мамилелерди четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар, эл аралык Кызыл Чырым уюмунун тажик абактарына баруусуна мүмкүндүк берүү туурасында да маалымат бериши керек. Көптөгөн жылдар бою өлкө өкмөтү Кызыл Чырымга жабык мекемелерге киргенге уруксат бербей келет.

Акыркы жолу Тажикстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинде 2012-жылы отчет берген.

XS
SM
MD
LG