Ссылки доступа

«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт


«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн. Бул тууралуу бейшембиде НАТО күчтөрүнүн басма сөз катчысы Чарльз Кливленд билдирди. Ал “Аль-Каида” менен “Талибандын” ооган канатынын ортосунда байланыш бар экендигин кошумчалады.

"Биз алар өз бетинче болгондо Ооганстандын өкмөтүнө олуттуу деле коркунуч келтире албайт деп эсептейбиз. Бирок "Аль-Каида" “Талибан” кыймылы менен менен жигердүү иш алып бара баштагандыктан, талиптерди көкүтүп коюшу ыктымал. Алар каражат бөлүү, мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, тажрыйба алмашуу сыяктуу иш-аракеттерди жасашы мүмкүн",-деди Кливленд.

Анын айтымында, былтыр «Аль-Каида» башчысы Айман аль-Завахири “Талибандын” жаңы лидери Ахтар Мансур молдону колдой тургандыгын билдирген. Ошондон бери булардын ортосундагы алака күчөп баратат. Ооганстанда «Аль-Каиданын» жүздөгөн мүчөлөрү бар.

«Алардын саны кыйла азайганы менен кыска мөөнөттө эле катарын кескин көбөйтүп алганга шарттары бар. Ошондуктан алар дале опурталдуу болуп саналат”, - деди Кливленд. Ал “Талибандын” абалы апийимдин түшүмү өтө мол болгондуктан, бекемделип жатканын айтты. Бул алардын каржылоо булагы экендиги маалым.

XS
SM
MD
LG