Ссылки доступа

Ташкентте милиция автоунаалардагы "Георгий тасмасын" жулуп таштоодо


Өзбекстандыктарга “Георгий тасмасынын” ордуна өзбек байрагынын өңүндөй тасмаларды колдонуу сунушталууда.

Тартип сакчылары автоунааларды токтотуп, салондогу күзгүлөргө байланган “Георгий тасмаларын” алып таштоого буйрук беришүүдө. Ташкенттин тургуну Маруфжон билдиргендей, милиция бул аракетин унааны башкарууга тоскоол болот деген шылтоо менен түшүндүрүүдө.

Uzmetronom интернет басылмасы кабарлагандай, Өзбекстандагы тартип сакчылардын мындай жоруктарына даттануулар 4-майдан тарта эле түшүп баштаган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын өздүк булагы билдиргендей, “Георгий тасмасын” тагынууга жана “уруксат берилбеген” иш чараларды өткөрүүгө “жогору жактан” тыюу салынган. “Таңкы чогулуш учурунда өздүк курамга бул туурасында кенен түшүндүрмө берилүүдө. Жол коопсуздугуна тоскоол болгон ленталарды алып таштоого буйрук алдык. Бирок айдоочуларга айып пул салбай, өтө сылык аткарышыбыз керек бул ишти”, -деди өздүк булак.

Ушул жумада Орусиянын Ташкенттеги элчилиги “Георгий тасмаларын” бекер таратуу боюнча акция баштаган.

XS
SM
MD
LG