Ссылки доступа

Түркмөнстанда 500 күндүк ат чабыш болот


Түркмөнстанда 500 күндүк жалпы улуттук ат жарышы башталды. Ал 2017-жылы сентябрда Ашхабадда өтө турган V Азия оюндарын арналат.

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов жарышка катыша турган, чабармандары камдалуу 17 күлүктү жеке өзү карап чыкты. Өлкөнүн беш аймагындагы жарыштар 100 күнгө чейин созулат. Жалпы улуттук ат чабыш Азия оюндарынын ачылыш аземинде аягына чыгат.

Оюнга катышууга Азия жана Океания чөлкөмдөрүнүн 60 улуттук олимпиядалык кеңеш макулдугун берди.

Бул арада укук коргоо уюмдары оюнга даярдыктар боюнча тынчсызданууда. Мелдештин алкагындагы жаңы курулуштар калкты бейпайга салууда. Өткөн жылы Amnesty International спутниктен алынган тасмаларга таянып, 50 миңден ашуу адам күч менен өз үйлөрүнөн көчүрүлүп жаткандыгын жарыялаган.

Бул арада Түркмөнстан эч качан олимпиядалык медаль уткан эмес. Атүгүл 2014-жылы Сочиде өткөн кышкы оюндарга спортчуларын жибербегени маалым.

XS
SM
MD
LG