Ссылки доступа

Соттор кеңешинин төрагасы отставкага кетүүгө арыз жазды


Жогорку соттун судьясы жана Соттор кеңешинин төрагасы Канатбек Турганбаев эки апта мурун кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, аны Соттор кеңеши карап, кабыл алган. Эми маселени президент жана Жогорку Кеңеш карайт.

Канатбек Турганбековдун ысымы ушул тапта соту өтүп жаткан мурдагы президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарынбаевдин ишине байланыштуу белгилүү.

Бул иш боюнча өткөн жылы сотто күбө катары көрсөтмө берген Жогорку соттун төрага орун басары Канатбек Турганбеков ага Данияр Нарымбаев чалып, экс-мэр Нариман Түлеевдин кызын кабыл алып коюңуз дегенин, Түлеевдин кызы соода борборун камактан чыгарууну суранганын, бирок ал баш тартканын билдирген.

Ал эми экс-депутат Хажимурат Коркмазов Нарынбаев аталган маселени чечүү үчүн Түлеевден 200 миң доллар сураганын, анын 50 миңин Канатбек Турганбеков менен болгон телефондук сүйлөшүүсү үчүн алганын айткан. Өз кезегинде Нарынбаев мунун баары жалган экенин билдирип келет. Бул окуядан кийин айрым жарандык активисттер Турганбековдун кызматтан кетүүсү керектигин айтып чыгышкан.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Канатбек Турганбаевдин арыз жазганын төгүндөгөн да, тастыктаган да жок.

XS
SM
MD
LG