Ссылки доступа

Тажикстанда референдумга даярдык жүрүүдө


Тажикстанда эки аптадан кийин Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт. Баш мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык, өлкө жетекчиси Эмомали Рахмон  президенттикке  талапкерлигин чектөөсүз коюу укугуна ээ болот.

Референдум 22-майда өтөт. Ага 41 пункттан турган түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Анын 65-беренесинде баш мыйзамдагы чектөөлөр Улут лидерине тиешеси жок экендиги, Улут лидеринин укуктук макамын жана ыйгарым укуктарын конституциялык мыйзам аныктай тургандыгы жазылган.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөнү 1992-жылдан бери башкарып келет. Азыркы мыйзамдарга ылайык, ал 2020-жылы боло турган шайлоого талапкерлигин кое албайт. Бирок сунушталган түзөтүүлөр кабыл алынса, ал Улут лидери катары талапкерлигин тоскоолдуксуз жылдырганга укуктуу болот.

Мындан тышкары Тажикстандын президенттигине талапкерлердин курагын 35 жаштан 30га чейин төмөндөтүү сунушталууда. Бул түзөтүү Рахмондун улуу баласы Рустами Рахмонго 2020-жылдагы президенттик шайлоого катышууга укук бере тургандыгы айтылууда.

XS
SM
MD
LG