Ссылки доступа

Орусия менен АКШ Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырат


Москва менен Вашингтон Сириядагы урушкан тараптарга кайрылып, жайкын тургундарга кол салууну токтотууга чакырды.

Орусия менен АКШ Сириядагы ок атышпоо режимин колдоп, жаңжалды саясий жол менен жөнгө салуу боюнча аракеттерин жандандыра тургандыгын ырастоодо. Бул туурасында эки өлкөнүн атайын билдирүүсүндө айтылат.

Москва менен Вашингтон жайкын жашоочуларга, жарандык инфраструктура объектилерине жана медицина мекемелерине кол салууну токтотууну талап кылышты. Сирия бийлиги менен оппозицияны Женевадагы сүйлөшүүлөрдү жандантып, муктаж болгондорго гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырышты.

Дүйшөмбүдө Орусиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров менен АКШ мамдепартаментинин катчысы Жон Керри телефон аркылуу сүйлөшүп, Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу маселелерин талкуулашты. Орусиялык жана америкалык аскерлердин иш-аракеттерин координациялоо маанилүү экендиги белгиленди.

XS
SM
MD
LG